Саламатсыздарбы!!!
"МИРАИ"
Кыргыз-Жапон клубунун интернет блогуна кош келиниздер!!!
мындай
клубту Мамашева Жийдегүл Алиакбаровна коптон бери ойлоп, айыл
жергесинде ачып элеттик жаш муундарга колубуздан келген жардамыбызды
берип, маалымат жагынан окуучуларга көмөк көрсөтсөк деп эңсеп келген.
Иштеген
жумушубуз боюнча (Жийде менен Аббас) Ысык-көл областынын Жети-Өгүз районуна
караштуу Чоң-Кызыл-Суу айылын тандап алганбыз. Чоң-Кызыл-Суу өрөөнү райондун
борборунан 7 км. Алыстыкта, деңиз деңгээлинен 2200метр бийиктикте жайгашкан.
Кыргыз Жапон “Мираи” клубу 2010-жылдын октябрь айында
Жети-Өгүз районуна караштуу Чоң-Кызыл-Суу айылындагы Жумадыл Байболот атындагы
орто мектепке ачылган. “Мираи”- бул жапон тилинен которгондо “Келечек” дегенди
билдирет.
Клубдун ачылыш аземине Ысы-Көл облусунун губернатору да
катышкан.
Эң алгач мектеп окуучулары Жапондордун белгилүү группасы “Кироро”нун
“Мираиэ” деген кыргызча айтканда “Келечекке карай” деген ырын жаттап аны хор
түрүндө жана жапон тилинде жогорку деңгээлде ырдашкан.
Баса белгилеп кетчү нерсе, “Мираиэ” деген ырды мектеп окуучулары азыркы
күнгө чейин ырдап келишет. Ал эми ырдын маанисине таянсак, бул ыр аябай чоң
мааниге ээ жана балдарды, дегеле
адамзатты ар дайым келечекке карай умтулуусуна, жашоонун бардык кыйынчылыктарын
жеңүү менен бирге алдыга койгон максаттарга жетүүсүнө үгүттөйт. Эскерте кетүүчү
нерсе, бул ырды окуучуларга жаттого берээрден мурда ыр кыргыз тилине которулуп,
анын мааниси, мазмунун жөнүндө окуучуларга түшүндүрүлгөн.
Клубдун “Мираи” деп аталып калышынын себеби да мына
ушунда.
Клубдун негиздөөчүлөрү: Аббас Турдубек, Мамашева
Жийдегүл Алиакбаровна жана жапон волонтеру Игараши Дайсуке
клубту
түзөөрдөн мурда (10-октябрь, 2010ж.) мектеп окуучуларына суроо/жооп өткөрүлгөн
13.11.2010
- клубту ачуу боюнча мектептин мугалимдерине сунуш киргизилген (презентация
өткөрүлгөн)
Көңүл
бурганыңыз үчүн чоң рахмат!!!
клубтун
негиздөөчүлөрү
Жийдегүл
Мамашева
Аббас
Турдубек
Игараши
Дайсуке