Ысык-көл областынын Жети-Өгүз районуна караштуу Чоң-Кызыл-Суу айылы. Чоң-Кызыл-Суу өрөөнүн райондун борборунан
Ошону менен бирге 1920-жылы элдин сабатсыздыгын жоюу иштери жүрүп, эки бөлмөлүү
полу тактайланган мектеп салынган. Парта сыяктуу салынган тактай стол
скамейкалар, эки бөлмөсүнүн эки бурчуна темир меш орнотулган. Мектептин биринчи
директору Шекербек Нурботоев (Кичи Кеминдеги) орустили адабият мугалими болуп
Мрия Ивановна Стрельникова (Казакстандык) иштеген. Бул мектеп эки сменада
иштеген. Окутуу адегенде араб тамгасы менен жүргүзүлүп, кийин латын алфавитине
жана орус алфавитине өтүп окушкан. Балдар үч жылдык, андан кийин төрт жылдык
билим алышкан. Кийин ушул мектепте 1924-жылы Крымдык татар Салыков Надришин
директор болуп иштей баштаган. Ошол кишинин демилгеси менен Чоң-Кызыл-Суу
айылына төрт бөлмөлүү класс, мугалимдер бөлмөсү залы жарык кенен жаңы мектеп
1928-жылы курула баштаган. Бул демилгени жалпы айылдыктар колдошуп, ашарга айландырышкан.
Мектептин долбоорун Салыков Надришин, Батырканов Ысман, Рыскулов Мамбетакундар
түзүшкөн. Көп түкүрсө көл болот дегендей, айылдагылар колдорунан келген
жардамдарын аяшкан эмес. Бири коюн берсе, экинчиси уюн, үчүнчүсү эчкисин
беришкен Карагайларды тоодон кыйышып, ат, өгүз менен сүйрөтүп келишип аралап,
балталап керектүү матриялдарды даярдашкан Өмүзак деген колунан көөрү төгүлгөн
устанын колунан ашталып жасалып бүтүрүлгөн. Ошентип айылдыктардын көптөн күткөн
тилеги орундалып 1929-жылы мектеп ишке берилген. Директорлукка кайрадан Салыков
Надришен дайындалган. Надришенден кийин Усубалиев Муканбек, Чоморов Иса,
Чырготоев Абдракман, Ниязбаев Муканбет. 1941-1953-жылга чейин мугалим директор
болуп Оркоманов Шакен мугалимдер Рыскулов Абды, Айтманбетов Одой, Чекиров Обош,
Казандан келген татар Хузин Нурмухамбет ж.б. эмгектенген.
1953-1978-жылдары Серкебаев Исакун, Кыдыргыч агай, Мамытова Таарын, Калдыбай
агай, Байболотов Жумадыл директор болуп иштешкен.1960-1990- жылдарда Осмонова
Жаңылча, 1990-2001-жылдарда 9-жылдык негизги мектеп болгон. 1987-1998-жылдары
Жумадылов Эсентур агай эмгектенген жылдар1990-жылдар ашар жолу менен
гимнастикалык зал салынып 1999-жылы ишке киргизилди. 1997- жылы 9-майда Улуу
Жеңиштин 53-жыл маарекесине карата согуштан кайтпай калган түбөлүк жарларын бир
туугандарын, уул кыздарын, чогултуп эр жигиттей кызмат кылган эжебиз Ысманова
Кеңешкан эже уул кыздары менен мектептин алдына эстелик тургузду. 1997-жылга
чейин Чоң-Кызыл-Суу негизги мектеп болуп аталып келсе 1998-жылы 23-майда
мурдакы директору эл агартуунун отличниги Ж. Байболотовдун ысымы берилди.
1998-2003-жылдары Эл агартуунун отличниги Дыйканова Бактыгүл директор болуп
эмгектенди. 1999-жылы мектептин бир классы директор Дыйканова Бактыгүлдүн
демилгеси менен мектептин эмгек мугалими Кыдыралиев Өмүрбек тарых музейин
уюштурган. 2007-жылы Кыргыз Республикасынын министирлиги тарабынан
«тарых-этнографиялык музейи» деген статуска ээ болгон. 2001-2002-жылында орто
мектеп статусуна ээ болуп Ж. Байболотов атындагы орто мектеп болуп аталып
калды. 2001-2002 окуужылында 1986-жылы 25-июлда туулган Базарбаева Гүлнура,
1986-жылы 16-ноябрда туулган Иманбаева Алиман артыкчылык күбөлүкү ээ болушкан.
2004-2005 окуу жылында 1987-жылы 2-мартында туулган Кыдыралиев Айбек Сабырбекович
СА 050045 номериндеги Кызыл аттестатка ээ болгон.
Мектептин техникалык базасын чындоодо президенттин указы менен «2002 –жыл эл
аралык тоо жылы» пилоттук программасына кирип 220 орунду мектеп ашар жолу менен
салына баштаган. 2008-2009-окуу жылында Ж..Байболотов агайдын балдарынын
демилгеси менен кайрадан капиталдык ремонттон өтүп, айылдыктардын,
мугалимдердин, окуучулардын көптөн күткөн тилеги орундалып мектеп ишке
киргизилди.
Азыркы мезгилде 107 окуучу билим алып жатат. 2003-2004-окуу жылында Омуров
Талант, 2004-2007-жылдары Бектенов Кусеин 2007-жылдын июнь айынан бери Эл
агартуунун отличниги Асыпбаев Дүйшөбек иштеп жатат. Ушул чакан айылдан, чакан
мектептен нечендеген илимдин докторлору жана кондидаттары, министирлер чыккан.
Байболотов Бегаакы, Ысманова Закия, Алыбаков Аскар, Мамбетова Каликан,
Касымалиев Султан, Баймурзаева Шариман, Мамбетакунов Калык Ысманова Кеңешкан,
Рысмендеев Асанакун, Сопиев Аскар, Абдылдаев Ишенбай, Султанов Жумаш, Ибраев
Бообек, Курманов Капар, Ибраев Жумаш, Тотубаев Айнагүл ж.б.
2010-2011-окуу жылында 11-классты 10-окуучу 2 бала 8 кыз бүтүрдү бир
окуучу Болотова Айзада Кызыл аттестат менен аяктады жана 2 окуучу тесттин
жардамы менен жогорку окуу жайына өттү, 8 окуучу контракт менен жогорку окуу
жайларга өтүштү. 2011-2012-окуу жылында 18 мугалим эмгектенип жатат, анаын
ичинен жогорку билимдүүсү 16 мугалим, 2 мугалим атайын орто билимдүү. Эки
мугалим Эл агартуунун отличниги 8 мугалим жогорку котегорияда 5 мугалим 1чи
категоряда 4 жаш мугалим эмгектенет. Баардык маалымат Ж. Байболотов орто мектебинин архивинен алынган.
Комментариев нет:
Отправить комментарий