Жапон волонтеру менен бирге окуучулар жапон тилин гана эмес, Жапон
маданияты жөнүндө маалыматтарды, оригами жасоону, үйрөнүштү. Эң чоң
жетишкендиктердин бири- бул Жанболот деген ушул мектептин окуучусу Кызыл-Суу
айылында болуп өткөн жапон тилиндеги чечендик таймашта 1-орунду ээлеген.
Ошондой эле, азыркы учурда мектеп окуучулары жапон тилинде ырларды өз алдынча
жаттап, ар кандай концерттик программаларда ырдап жүрүшөт. Бул айыл
жергесиндеги мектеп окуучулары үчүн эң чоң жетишкендик деп айтсак
жаңылышпайбыз.
Быйылкы жылдын 11-мартында “Мираи” клубу тарабынан Жапонияда былтыркы
жылдын 11-мартында болуп өткөн кайгылуу цунами кырсыгына байланыштуу “Алга,
Жапония!” жапончо айтканда “Ганбаре, Ниппон!”деген чакан иш-чара өткөрүлдү. Бул
да болсо клубдун жетишкендиктери деп ойлойбуз.
Комментариев нет:
Отправить комментарий